КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы “2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу” жөнүндө #469 сандуу токтомун ишке максатында 17-октябрь 1-курс активдери жана эркек балдар арасында жыйналыш өткөрүлдү. Жыйналышка Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери улук тергөөчү Исманов Улан Абдыкаримович, участкалык инспектор Жолдошов Эрлан, жашы жете элек өспүрүмдөр иши боюнча инспектор Дилдебаева Дария жана окуу жайдын юристти тарабынан укук бузуулардын алдын алуу жана болтурбоо жөнүндө маалыматтар берилип, суроо-жооптор жүргүзүлдү.