Виртуалдык клиника

Жалал-Абад медициналык колледжинде «Виртуалдык клиника» симуляциялык борбору 2022-2023-окуу жылынын башталышында уюштурулду.
Виртуалдык клиниканын максаты: Студенттердин теориялык жана практикалык сабактарда алган билимдерин бышыктоо, кесиптик компетенциясын жогорулатуу үчүн окуу-усулдук шарттарды түзүү.
Ал бардык адистиктердин клиникалык дисциплиналарын практикалык окутуп үйрөтүүгө ыңгайлуу.
«Виртуалдык клиника» симуляциялык борбору 6 блоктон турат жана керектүү окуу куралдары менен жабдылган:
  1. Медайымдык иш блогу- медициналык документтер (журналдар), муляж, фантом, алгачкы медициналык жардам көрсөтүүдө керектелүүчү инструменттердин топтому, практикалык манипуляцияларда колдонулуучу жабдыктар (кружка Эсмарха, грелка, муз баштыгы, градусник, табарсык катетери, газ чыгаруучу трубка ж.б), медициналык кушетка, бейтаптарды тейлөөдө колдонулуучу каражаттар (оюлган жаралардын алдын алууда колдонулуучу каражаттар, ж.б.)
  2. Терапия- муляждар, фантомдор, тонометр, фонендоскоп, пикфлоуметр, чөнтөк ингалятору, медициналык тараза, ростомер, глюкометр, портативдүү ЭКГ аппараты, кушетка,
  3. Педиатрия- куурчактар, фантомдор, муляждар, медициналык электрондук тараза, ванна, баланы ороочу стол, тонометр, фонендоскоп, Амбу кычкылтек маскасы
  4. Хирургия блогу – муляждар, фантомдор, хирургиялык инструменттер, бинт, тигүү материалдары (шовный материал), жгут, кандын группасын аныктоочу топтом,
  5. Акушерство жана гинекология – гинекологиялык кресло, ширма, кушетка, муляж, акушердик таз, акушердик куурчак, акушердик стетоскоп, тазомер, сантимердик лента, кын күзгүсү, жатын зонду, корнцанг, аборцанг, иглодержатель, шовный материал, штатив, вазокан, инструменттер үчүн столик, баланы ороочу стол, жаңы туулган ымыркай үчүн атайын кийим, орогучтар; акушер-гинекологтун атайын формасы.
  6. Лабораториялык диагностика блогу- микроскоп, лабораториялык эсептегич, таразанын түрлөрү, химиялык реактивтер,  боектор, инструменттер,  пробиркалар, мензуркалар, вакутайнерлер, муляж «кандын формалык элементтери» ж.б.