История

Жалал-Абад медициналык колледжинин тарыхы.
                Жалал-Абад медициналык колледжи 1939-жылдын 26-мартында Кыргыз ССР КП БКнын чечими менен Жалал-Абад медициналык мектеби болуп ачылган. Медициналык мектеп Кыргыз ССРинин Саламаттык сактоо министрлигинин №102- 08.07.1957-жылкы Буйругунун негизинде медициналык училища болуп, ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин №639 – 10.12.2009-жылкы  Буйругунун негизинде Жалал-Абад Медициналык колледжи болуп аталып калган.
Өзүнүн көп жылдык тарыхында окуу жай тарабынан 30 миндей тогуз адистик боюнча атайын орто билимдуу медициналык адистер даярдалып чыгарылды. Алардын арасында миңдеген Саламаттыкты Сактоонун ардактуу кызматкерлери, эмгектин ардагерлери, медицинага ак эмгек өтөгөн катардагы кызматкерлер, Кыргызстан элине, алыскы жана чет мамлекеттерде үзүрлүү эмгектенишүүдө. 
Медициналык колледждин тарыхында, колледждин материалдык техникалык базасын чындоодо коп жетекчилер эмгек сиңиришкен.  Өз кезегинде окуу жайдын директорлору болуп иштегендер: Плотникова Н.А., Панарина Е.Т., Чекиров Б.У., Тайматова Х.З., Шералиев А.Ж., Кожалиев А.К., Пратова Х.Р., Курбанкулов Б.Ж., Мусаев С.И., Абдылдаев А.К., Ш.Т.Беркмаматов. Учурдагы директор У.Т.Парханова.
Азыркы мезгилде студенттерге  СССРдин саламаттыкты сактоосунун отличниктери Макаренко Т.К., Рустамова З.К., жыйырмадан ашык саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкерлери, ондон ашык билим берүүнүн отличниктери билим, таалим тарбия берип келишүүдө.
Октябрь революциясына чейин Кыргызстанда Саламаттык Сактоонун денгээли эң төмөн болгон. Кыргызстандын аймагында 15 врач, 30 орто билимдин медицина кызматкерлери эмгектенген. Советтик доордо Саламаттык Сактоого өзгөчө көңүл бурулган. Дарылоо мекемелери көбөйгөн сайын медициналык кадрларды даярдоо зарылчылыгы пайда болгон. Ошондуктан 1939-жылдын 26-мартында Кыргыз ССР БКнын чечими менен Жалал-Абад шаарында медициналык мектеп (мед. сестралардын мектеби)  ачылган.
 
Алгач 35 гана окуучу кабыл алынып, окуу планы боюнча көрсөтүлгөн предметтердин саны 20 болгон. Жетинчи классты бүткөндөр кабыл алынган, жатакана менен камсыздалган, жетишкендигине жараша стипендия алышкан. Орто медициналык мектепти бүткөндөргө күбөлүк берилген. Артыкчылык шарттары да каралган. Стипендия бардык окуучуларга берилген, анын өлчөмү курсуна жараша айырмаланган жана отличниктерге 25% кошумча берилген.
1940-жылы 27 медсестра даярдалып чыгарылган. Улуу Ата-Мекендик согуш учурунда Жалал-Абад шаарында үч эвакогоспиталь жайгашкан. Жарадар  жоокерлерди, офицерлерди багып кароодо, дарылоодо биздин бүтүрүүчүлөр чон кызмат өтөгөн. 1954-жылга чейин окуу жай тарабынан  459 адис даярдалып, алардын 439  сестра медицина жана 20 фельдшер адиси болгон. Окуу жайдын алгачкы корпусу, азыркы областык басмакананын ордунда болгон 
(Токтогул-Алыкулова кочосу).
Окуу жайдын биринчи директору Салахудинову Зайнудину дайындалган. Медициналык мектепте болгону 9 окутуучу, алардын ичинен 7 си жожорку билимдуу болушкан.
 
1940-жылы окуу жай өзүнчө имаратка ээ болгон (Барпы сейил көчөсү, азыркы сүрөтчүлөр мектеби) 
1954-жылы Кыргыз ССРнин Саламаттык Сактоо Министрлигинин №102 – 08.07.54 буйругунун негизинде медициналык мектеп, медициналык училища болуп өзгөргөн.
1954-жылы окуу жайда жаңы бөлүмдөр ачыла баштаган. Алгач фельдшердик, акушердик (1958-ж), 19б4-жылы санитардык, фельдшер жана тиш дарыгери, 1967-жылы фармация, 1979-жылы фельдшер лаборант, 1981-жылы тиш техниги бөлүмдрү ачылган.
1973-жылы окуу жай талапка жооп берген 980 орундуу жаны окуу корпусуна көчөт.

1980-жылы Ош шаарында окуу жайдын филиалы ачылган. Учурда ЖАМКда эмгектенип жаткан ардагер окутуучу Т.И.Исаев Ош шаарындагы окуу жайдын филиалын 1981-1982-жылдары жетектеген. 
1989-жылы окуу жайдын базасында Кыргызстанда биринчи болуп өзүнүн студенттик поликлиникасы ачылган. Поликлиника шаардагы жогорку жана атайын орто окуу жайларынын студенттерин, мектептердин жогорку класстарынын окуучуларын 
тейлеп турган. Окуу жайдын врач мугалимдери поликлиника кесиби боюнча эмгектенип, опыты базы катары колдонушкан.
Ошол эле жылы окуу жай студенттердин ден соолугун чыңдоо максатында өзүнүн 50 орундуу «Алтей» санаторий профилакториясын ачкан жана азыркы мезгилде иштеп жатат. 
1983-жылы окуу жайдын тарых музейи уюштурулган. ЖАМКнын музейинде окуу жайды жетектеген директорлор, эмгек ардагерлери, студенттик турмуш, ийгиликтер жана бүтүрүүчүлөр жөнүндө маалыматтар сакталган. Окуу жайдын тарыхында студенттерге билим берүүдө үзүрлүү эмгектенип кеткен, биз сыймыктана турган бир топ окутуучулар жөнүндө маалымат музейде сакталып турат.
Окуу жайга 8-класстын көлөмү менен студенттерди кабыл алган (азыркы Ж. Бакиев көчөсүндөгү УПБнын корпусу). 8-класстын көлөмү менен тапшырган студенттер интернатта жашап, 3 маал ысык тамак менен камсыз болуп жана айына 9 рубль стипендия алышкан (1998-жылга чейин интернат иштеген, 1998-жылда окуу өндүрүштүк база болуп ачылган).

Окуу жайда ачылган окуу өндүрүштүк база бардык талапка жооп берген окуу корпусунда жайгашкан. Окуу процесси ынгайлуу кабинеттерде жана лабораторияларда өткөрүлөт. Окуу жайда теория менен практиканы интеграциялоо максатында Кыргызстанда биринчи болуп 1998-жылы өзүнүн окуу өндүрүштүк базасы ачылган. Ал жерде предметтер боюнча окуу тренажордук кабинеттер, тиш салуу жана дарылоо кабинеттери иштейт. Ошондой эле окуу аптекасы дары даярдоочу зал, клиникалык лаборатория да кызмат кылган.
Социалдык коргоо менен түзгөн келишимдин негизинде майып жана кароого муктаж болгон жарандар даарыланууга мумкунчулук алган. Социалдык коргоо менен түзгон келишимдин негизинде пенсиядагы жарандар өздөрүнүн анализдерин ушул жерге тапшырып, маалымат алышкан. Жалал-Абад медициналык колледжинин жетишкен ийгиликтери арбын. Жалал-Абад медициналык колледжи, КР саламаттык сактоо мекемелеринин республикалык кароо конкурсунда 2001-жылы, 2006-жылы жана 2021- жылы «Мыкты коллектив» деген наамга татыган. 2002-жылы «Тоолор» жылында өткөрүлгөн Түгөлбай Сыдыкбековдун 90-жылдыгына карата аткарылган иш чаралардын жыйынтыгы боюнча окуу жай «Түгөлбай ата медалына» ээ болгон.
  • 1999- жылы медициналык окуу жайлардын арасында өткөрүлгөн Республикалык «Эне тилим – эне сүтум» — теле сынагында биринчи орунду ээлеген.
  • 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлук Күнүнүн 15 жылдыгына карата Жалал-Абад шаардык мериясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
  • 2006-жылы Жалал-Абад шаарынын 130 жылдыгында өткөрүлгөн «Ыр кеседе» биринчи орунду ээлеген, 2015-жылы «Ыр кеседе экинчи орунга татыктуу болушту.
-2009-жылы Кыргыз Республикасынын эгемендүүлугүнүн 18 жылдыгына областтык администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
-2010-жылы Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан «Жылдын мыкты окуу жайы» наамын алган.
-2012-жылы Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан «Мыкты окуу жай» деген грамота менен сыйланды.
2013-жылы Жалал-Абад шаардык мериясынын «Улгулуу мамлекеттик тил каанасы-2013» номинациясы менен 1-орун алган.
2016-жылы «Тарых жана маданият жылы» Барпы театрында көрсөтүлгөн спектаклдерге активдуу катышкандыгы учун Баш байге менен сыйланган.
2016-жылы Жалал-Абад күлкү лигасынын сынагында «1-даражадагы» диплом менен сыйланган. 
 2005-жылы учурдун талабына ылайык, жатакананын корпусуна, клиникага чейинки окутуу базасы уюштурулган. Ал жерде негизги клиникалык предметтер боюнча окутуучулар тренажордук кабинеттерде практикалык ыкмаларды үйрөтүү менен сабак өтүшөт. Кабинеттер жаңы эмеректер, окуу процессине керектүү куралдар менен жабдылган (2017-жылы студенттик жатаканын 2-корпусуна көчүрүлгөн).

1997-жылы 20га жакын спорт тренажорлору менен жабдылган реабилитация залы уюштурулган. Ал жерде студенттер жана окутуучулар бош убактысында ден соолугун чындай алышат. Окуу жайыбыздын спорт залы бардык спорттук куралдар менен камсыз болгон. 
Жалал-Абад медициналык училищасы Кыргыз Республикасынын Саламаттык Сактоо Министрлигинин №639 – 10.12.2008-ж. буйругунун негизинде Жалал-Абад медициналык колледжи болуп аталып калды. Улуттар аралык ынтымак. Окуу жайда 20 дан ашык улуттун өкүлү билим алышкан.
2018-жылы 7 адистик «ААОПО» билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги тарабынан акредитациядан өттү. 2019-жылы эки адистик «Эл баасы » билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги тарабынан акредитациядан өттү. 12-май ЖАМКнын куну катары белгиленет.
Медициналык колледждин спорт жаатындагы жетишкендиктери:
Республикалык кесиптик окуу жайлар арасында өткөрүлгөн мелдештерде 2014-жылы II-III орундарга, 2015-жылы I-орунга,2016-жылы II – орунга жетишкен. Абдисаламова Бактыгул -Кикбоксинг боюнча Индияда I-орунду ээлеген, Кореяда III-орунду, Ашхабадда өткөрүлгөн дүйнөлүк мелдеште «Спорт чебери» наамына ээ болгон. Оморов Максат-Таэквон-До Бишкек шаарындагы эл аралык мелдеште I- орунду ээлеп, Дубайга жолдонмо алган, »Спорт чеберинин кандидаты». Шакиржан кызы Раатбек – Рим күрөш усулу боюнча эл аралык турнирде I-орунду ээлеген, “Спорт чеберинин кандидаты”. Артукбаев Дастан– Кикбоксинг боюнча Кыргызстандын чемпиону, Ашхабадда өткөрүлгөн дүйнөлүк мелдешке жолдонмо алган.

Студенттердин жашоо шартын жакшыртууга да өзгөчө көңүл бурулууда. 200 орундуу жатаканабыз электр жылыткычтары менен жабдылган. Эс алууга жана сабак даярдоого жакшы шарт түзүлгөн.
Учурда окуу жайыбызда 1367 студент бюджеттик жана контрактык негизде төмөнку адистиктер боюнча билим алышат: “Сестралык иш”, “Дарылоо иши”, “Акушердик иш”, “Медико-профилактикалык иш”, “Лабораториялык диагностика”, “Фармация», “Тиш дарыгери”, “Профилактикалык стоматология”, “Тиш техниги».
Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомдук бирикмесинин Жалал-Абад областык өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулган поллиативдик жардам бөлүмү иштейт. Мында студенттер практикалык сабак, окуу-өндүрүштүк практика учурунда бейтаптарды өз алдынча тейлөө менен биргеликте көндүмдөрүн арттырышат.