Кыргыз Республикасынын Президентинин “ 2022-жылды Тоо экосистемаларын жана климаттын туруктуулугун коргоо жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында 17-сентябрдан 31-октябрга чейин “Таза Мурас” акциясынын алкагында ар ишемби күндөрү окуу жайдын бардык корпустарында ишембиликтер өткөрүлдү. Шаардык мэрия тарабынан белгиленип берилген Мурзакул Болуш көчөсүндө Жалал-Абад санаториясына чейинки жол жээктери таштандылардан тазаланып, ирээтке келтирилди.