2022-2023-окуу жылына карата түзүлгөн иш-пландын жана Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү жана шаардык мэрия тарабынан келген каттардын негизинде Мам. тил жана тарбия иштери боюнча төмөндөгү иш-чаралар аткарылды.

    23-сентябрь Мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына карата «Мамлекеттик тил – улут аралык ынтымактын тили» деген темада салтанаттуу линейка болуп өттү. Мамлекеттик тил жөнүндө доклад окулуп, студенттер тарабынан көркөм окуулар, улуттук аспапта ырлар, улуттук бийлер аткарылды. Мадаяттын мыкты кызматкери Нурбек Шамуратов чакырылып, жагымдуу ырлары менен салаттуу линейканы шаңга бөлөдү.