ПЦК №1 «Жалпы билим беруу»

ПЦК №1 «Жалпы билим берүү»

Алимкулова Замира Жаныбаевна

    № 1 ПЦК жетекчиси

    телефон: +996 (773) 41 41 16

Ачык сабактар

🌿 Бүгүн, ЖАМКда окутуучу Алимкулова З.Ж. тарабынан СД-4-24 тайпасына «Жаратылыш – жан дүйнөнүн булагы» деген темада ачык тарбиялык сабак өткөрүлдү.
🌱 Сабактын негизги максаты —
студенттердин жаратылышка болгон аяр мамилесин калыптандыруу, экологиялык маданиятын өнүктүрүү, табиятты баалоого, коргоого жана жаш муундун жүрөгүнө табиятты сүйүү сезимин сиңирүү болду.
🏞 Сабактын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун кооз жаратылышы, курорттук аймактары, минералдык суулары, ошондой эле аймактагы экологиялык көйгөйлөр тууралуу кеңири баяндама жасалды.
🎙 Студенттер өздөрүнүн табиятка болгон сүйүүсүн ыр саптары, табышмактар жана “Мен жаратылыш үчүн эмне кылам?” темасындагы ойлору аркылуу билдирип, жигердүү катышышты.
🌸 Бул тарбиялык сабак студенттердин руханий байлыгын арттырып, жаратылышты көздүн карегиндей сактоого үндөдү.
📘Бүгүн, ЖАМКда куратор Мамашова А.А. тарабынан АД-2-24 тайпасына «Китеп — билимдин ачкычы» деген темада ачык тарбиялык сабак өткөрүлдү. Сабактын негизги максаты — студенттерди китептин адамдын жашоосундагы ордун билүүгө, билимге, китеп окууга болгон кызыгуусун арттырууга жана өз алдынча билим алууга тарбиялоо болду.
📘Сабактын жүрүшүндө студенттер китеп окуган жана окубаган адамдардын айырмасы жөнүндө терең талкуу жүргүзүштү. Китептин тарыхы, анын адамзат өнүгүүсүндөгү орду жана китепке байланышкан кызыктуу фактылар кеңири баяндалды. Ошондой эле, китеп жана билим тууралуу көркөм окуулар окулуп, акылман макал-лакаптар менен улуу инсандардын цитаталары айтылып, алардын терең мааниси чечмеленди.
📘Ар бир студент өзүнүн окуган китептери жөнүндө айтып, алардын аң-сезимине, жашоосуна калтырган таасири жана алган тарбиясы тууралуу ойлору менен бөлүштү. Сабак жүрүшүндө окутуучу менен студенттердин ортосунда жандуу баарлашуу орун алып, ар тараптуу ой бөлүшүүлөр болду.
📘Бул тарбиялык сабак студенттер үчүн билимдин, ой жүгүртүүнүн жана руханий өсүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктап берди. Сабакта китеп — адамдын эң жакын досу экени, ал эми китеп окуган адам — эң бай адам экени өзгөчө баса белгиленди.
🔹ЖАМКнын окутуучусу Сартбаева А.А. тарабынан Орус тили предмети боюнча «Простое предложение. Рабочее место постовой медсестры»деген тема боюнча ачык сабак өтүлдү.
🔹Сабактын максаты: Жөнөкөй сүйлөмдөрдүн түрлөрүн билүү жана туура сүйлөм түзүү.
🔹Сабак «Менин шаарым Жалал-Абад кантип өзгөрүп жатат?» деген темада баарлашуу менен башталды. Сабактын жүрүшүндө видеоролик коюлуп, студенттерге карточкалар таркатылып, суроолорго жооп беруу менен тексттеги жаңы сөздөрдү которушту.
🔹ЖАМКнын кыргыз тили жана адабияты предметинин окутуучусу Сыргабаева Нуржамал СД1-24 тайпасына “Ч. Айтматовдун дүйнөлук адабияттагы орду” деген темада ачык сабак өттү. Сабактын максаты:
1. Ч. Айтматовдун чыгармаларынын мазмуну аркылуу адамдык баалуулуктарды түшүндүрүү жана талдоого үйрөтүү;
2. Студенттердин ой жүгүртүүсүн, анализдөө жөндөмүн жана чыгармачылык изденүүсүн өнүктүрүү;
🔹Сабакта Ч. Айтматов адамдын ички дүйнөсүн сүрөттөө менен жаштарды ойлонууга, туура жолду тандоого, адамгерчиликтүү болууга, анын чыгармаларын окуу аркылуу студенттер өз моралдык баалуулуктарын бекемдеп, жашоого болгон көз карашын тереңдете алышаары боюнча маалымат алышты. Кыргыз адабиятына болгон кызыгуусун арттырып, руханий-адептик тарбия берилди.
2025- жылдын 24 — апрелинде Жалал- Абад медициналык колледжинин окутуучусу Сыдыкова А. Т. СД 3-24 группасынын студенттери менен “Барпы Алыкулов — философ акын” деген темада саякат сабагын Барпынын үй- музейине барып өткөрүштү. Акындын баскан- турган жерин көрүп, ырларын көркөм окуп, акынды эскеришти. Акындын өмүр жолу тууралуу көптөгөн кызыктуу маалыматтар айтылды. экскурсия сабагы өтүлдү.
🔹Сабактын максаты дартка даба дарылык касиети бар сууларыбыз жөнүндө студенттерге кеңири маалымат берүү болду.
🔹Сабак учурунда студенттер адам суктанарлык ажайып кооз жаратылыштын көрүнүшүнө айкалышкан, дартка даба болгон Жалал-Абад курортунун касиеттүү суулары менен таанышып чыгышты.
 
🔹ЖАМКда 22.04.2025 күнү АД-1-23 тайпасынын куратору Раева А.К. тарабынан «Жалал-Абад курорту эс алуучу жай, дарылыгы бар — сууга бай» деген темада ачык тарбиялык экскурсия сабагы өтүлдү.
🔹Сабактын максаты дартка даба дарылык касиети бар сууларыбыз жөнүндө студенттерге кеңири маалымат берүү болду.
🔹Сабак учурунда студенттер адам суктанарлык ажайып кооз жаратылыштын көрүнүшүнө айкалышкан, дартка даба болгон Жалал-Абад курортунун касиеттүү суулары менен таанышып чыгышты.
 
🌷ЖАМКда куратор Н. Сыргабаева тарабынан СД1-23 тайпасына «Жашоо жарык сен бар үчүн, Аялзат» аттуу ачык тарбиялык саат өттү. Сабактын максаты — аялдардын коомдогу жана үй-бүлөдөгү ордун даңазалоо, энелерге, жарларга, кыз-келиндерге болгон сый-урматты көрсөтүү.
🌷Бул саатта энеге, эжелерге, мугалимдерге жана бардык кыз-келиндерге сый-урмат көрсөтүүгө тарбиялоо. Мээримдүүлүк, ыймандуулук жана камкордук сыяктуу сапаттарды калыптандыруу тууралуу сөз болду. Сабакта аялзат, эне тууралуу обондуу ырлар, кыска тексттер жана аялзатынын үй-бүлөдөгү орду тууралуу кыскача видеороликтер көрсөтүлдү.
🌷Сабакка тайпанын бардык кыздары активдүү катышып, жашоодо эненин орду зор экендигин, келечекте жакшы эне, акылдуу жар болууга тарбияланышты.
ЖАМКда Мусанова Г.Т. тарабынан Фарм-6-24 тайпасына предметтик ачык сабак өтүлдү. Сабактын темасы “Химиялык элементтердин аталыштары”. Ачык сабак башталганда мугалим өзү жазган латын тили боюнча ыр саптарын окуп, студенттерге нейро көнүгүүлөрдү жасатып, сабакка кызыгууларын жандандырып, активдүү киришүүгө түрткү берди. Үй тапшырмасын суроодо латын тилинде макалдар жана адамдын ар бир мүчөсүнүн аталыштарын латын тилинде айтышты.
Сабакта колдонулган интерактивдүү ыкмалар, айрыкча домино жана класстер ыкмалары, химиялык элементтердин аталыштарын таасирдүү жана жеңил үйрөнүүгө мүмкүндүк берди. Жаңы теманы бышыктоодо класстер ыкмасы колдонулуп, студенттер химиялык элементтердин символдорун, кыргызча жана латынча аталыштарын жазышты.
Сабактын негизги максаты – химиялык элементтердин аталыштарын латын тилинде так жана туура окуп үйрөнүү.
 ЖАМКда чет тили окутуучусу Раева А.К. тарабынан Фарм-7-24 тайпасына ачык предметтик сабак өтүлдү . Сабактын темасы “Имя существительное. Vitamins”.
 “Билем” жана “Билбейм” деген “Т-схемасы” усулун колдонуу менен суроо- жооп иретинде үй тапшырмасы бышыкталып, “Тескери класс” окутуунун модели колдонулуп, студенттер жаңы теманы практикалык жактан бекемдөө үчүн бетме-бет заманбап жана интерактивдик усулдарды колдонуу менен ишке ашырышты.
Сабакта инновациялык компьютердик технологияны колдонуп, слайддар, жаңычыл усулдар менен окутуучунун оордуна студенттер сабак өтүүсү менен өзгөчөлөндү.
 Сабактын максаты студенттерге витаминдердин түрлөрү, тамак-аштарда витаминдердин сакталышы, тамактануу нормасы, гигиенаны жана тазалыкты сактоого, эмгектенүүгө тарбиялоо.
ЖАМКда Алимкулова З.Ж. тарабынан Леч-1-24 тайпасына “Тескери класс” ыкмада ачык предметтик сабак өтүлдү. Бул ыкмада окутуучунун ордуна студент сабак өтүп берди.
Сабактын темасы “Кыргызстан Улуу Ата – Мекендик согуш жылдары (1941-1945-жж.)”. Үй тапшырмасын окутуучу өзү “Колессо фортуна” деген дидактикалык оюн аркылуу сурап алып, ордун студентке өткөзүп берди.
Жаңы теманы Леч-1-24 тайпасынын студенти Эгемберди кызы Каныкей “Кыргызстан Улуу Ата — Мекендик согуш жылдары (1941-1945жж)” жөнүндө экрандан видеороликтер аркылуу көрсөтүп, картадан кайсы мамлекетке фашисттик Германия кол салганы жөнүндө түшүндүрдү. Жаңы теманы суроодо группа эки топко бөлүнүп, экрандан суроолор коюлуп, “Ким тааныйт” деген метод менен Советтер союзунун баатырларын, кандай эрдик жасаганын жана өмүр баянын, “Билдим жана билгич” деген методу боюнча эмнени билди жана билгиси келгенин плакатка жазып, жооп берип, талкуулашты. Сабактын аягында согушка катышкан чоң ата, таятасын эскерип, кыскача билген маалыматтарын айтышты.
ЖАМКда Алимкулова З.Ж. тарабынан АД-2-24 тайпасына ачык предметтик сабак өтүлдү. Сабак «Манас училтигинин сюжети» темасынын негизинде уюштурулуп, студенттерге кыргыз эл чыгармачылыгынын улуу мурасы болгон Манас эпосу жөнүндө болду. Сабак Манастын Гимни жана Манастын жети осуяттарын айтып, терең талдоо менен башталды. Сабакта заманбап жана интерактивдүү методдор колдонулду.
Үй тапшымасын суроодо студенттерге улуттук аспаптардын сүрөттөрү түшүрүлгөн карточкалар таркатылып, суроолорго так жана анык жооптор берилди. Карточкалар аркылуу студенттер манасчылык темаларда өз ойлорун айтышты.
Жаңы теманы окутуучу ыр саптары менен баштады.
Мурункудан калган сөз
Мура кылып алган сөз
Эстесек эле рологу
Байыркынын жомогу баштасак эле ролору.
Жээ аталардан калган сөз
Аян кылып алган сөз
Аталардан алгын сөз
Айтылбаса дарт басат деген экен.
Сабакта Манастын үчилтиги — «Манас», «Семетей», «Сейтек» — терең түшүндүрүлүп, студенттер үч топко бөлүнүп, ар бири өзүнүн каарманын терең изилденди.Топтордун ортосунда дидактикалык оюндар өткөрүлүп, билимдери сыналды. Студенттердин өз алдынча ишинде Манастын төрөлүшү боюнча видеороликер даярдалып, алар проектор аркылуу көрсөтүлдү.
Бул сабак Манас эпосунун терең философиясы менен тааныштырылып, кыргыз элинин бай маданиятын үйрөнүүгө чоң салым кошту. Сабактын интерактивдүү жана заманбап ыкмалары студенттердин сабакка болгон кызыгуусун арттырып, активдүү катышуусуна өбөлгө түздү.

ЖАМКда Мамашова А.А. тарабынан Фарм-7-24 тайпасына ачык предметтик сабак өтүлдү. Сабактын темасы «Санариптик медицина. Телемедицина. Жасалма интеллект.» болду. Бул сабакта заманбап жана интерактивдик методдор колдонулуп, студенттердин кызыгуусу арттырылды.Эң биринчи эле үй тапшырма көр, ойлон, айтып бер ыкмасы аркылуу суралып, алар өз ойлорун бөлүшүп, түшүнүктөрүн айтышты. Дидактикалык оюндар, топтордо иштөө жана синквейн ыкмалары менен топтор арасында тыгыз байланыш орнотулду, сабак динамикалуу жана кызыктуу өттү. Тесттер жана ролдук оюндар сабакты дагы активдүү кылды. Студенттердин медициналык технологияларга болгон кызыгуусун арттырып, алардын креативдүүлүгүн, аналитикалык ой жүгүртүүсүн жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды. Ошондой эле, санариптик медицинада колдонулуучу сайттар, электрондук медициналык карта, ден соолукка мониторинг жүргүзүү үчүн колго тагып жүрүүчү гаджеттер, жасалма интеллект ChatGPT, телемедицанада Zoom жана Google Meet программалары колдонулары үйрөтүлүп, студенттер аларды ийгиликтүү өздөштүрүштү.

05.11.24г. в ЖАМК преподаватель английского языка Есенбай кызы Венера провела открытое предметное занятие в группе Леч1-24 на тему «Глагол to be, Обморок».

Опрос домашнего задания проводилось методом Брейн-ринга.

При объяснении новой темы применялся метод «Урок по частям» и закреплялось методом мозгового штурма.

На уроке преподаватель отличалась педагогическими способностями, умением управлять аудиторией, умением использовать инновационные компьютерные технологии.

ЖАМКда 05.11.24 күнү Англис тили предметинин окутуучусу Эсенбай кызы Венера тарабынан «Глагол to be, Fainting» деген темада Леч1-24 тайпасына ачык предметтик сабак өтүлдү.
Уй тапшырмасынын суроо бөлүгү Брейн ринг ыкмасын колдонуу менен суралды.
Жаны теманы түшүндүрүү «Бөлүктөргө бөлүп өтүү» ыкмасы менен түшүндүрүлүп, Мээ чабуулу ыкмасы менен бышыкталды.
Сабакта окутуучу өзүнүн педагогикалык чеберчилиги, аудиторияны башкара билүүсү, жаңычыл инновациялык компьютердик технологияны колдоно билүүсү менен өзгөчөлөндү
4.04.2024 жыл Сд-3-23 жана Фарм-7-23 тайпаларына Сартбаева А.А ачык тарбиялык саат өттү. Сабактын темасы: «Бакыт деген эмне?»
Студенттерге «Бакыт деген эмне?» деген темага тапшырма берилген эссе жазып келүүгө.
Сурамжылоо жүргүзүлгөн видеоролик көрсөтүлдү. Ыр саптары окулду, учкул сөздөр айтылды.
 Гүлнүр Сатылганованын ырына «Бакыт» жөнүндө видеоклип көрсөтүлдү.
Макалдарды толуктоо боюнча приздер берилди .
Бүтүп кеткен Айканыштын маеги аябай кызыктуу болду.Студенттерге мотивация, стимул болду.
Жыйынтыгында «Класстер» усулу менен «Бактылуулук деп эмнени түшүнөбүз».
Ар бир студент өзүнүн бактылуу экендигин ватманга жазып чыгышты.Ошондой эле Рамазан айында ооз ачарга белектерин беришти.
 
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата Кыргызстан тарыхы предметинин окутуучусу Нармырзаев И. Ө. тарабынан «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы жана өнүгүшү» деген темада ачык предметтик сабак өткөрүлдү
2022-жылдын 27-декабрь күнү Жалал-Абад медициналык колледжинин кыргыз тили жана адабияты окутуучулары; Сыдыкова А.Т., Сыргабаева Н.Т., Нуруева А.Т. тарабынан Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына карата «Ишеналы Арабаев – туңгуч агартуучу» деген темада конференция өтүштү. Конференцияга окутуучулар жана студенттер катышып, кызыктуу фактылар,  маалыматтар  видео-баян аркылуу көрсөтүлүп, студенттерди кызыктырган суроолорго жооптор берилди. И. Арабаевдин үй бүлөсү жана илимпоз тууралуу эскерүүлөр көрсөтүлдү.
Аягында конференция өткөн окутуучуларга Мамтил жана тарбия иштери боюнча орун басар Ж.А.Шырдакова тарабынан  жакшы каалоо тилектер айтылып, иштерине ийгиликтер каалады.
2022-жылдын 29-декабрь күнү Жалал-Абад медициналык колледжинин кыргыз тили жана адабияты окутуучусу; Сыргабаева Н.Т. ЗТ-1-22 тайпасында  «Алыкул Осмонов – жаңычыл акын» деген темада предметтик ачык саат өттү. Сабак стандарттык эмес усулу менен өтүлүп, Алыкул Осмоновдун балалык кезинен өмүрүнүн акырына чейинки басып өткөн жолу  видео-слайддар менен көрсөтүлүп, кошумча кызыктуу маалыматтар айтылды. Сабакта студенттер Алыкулдун «Чабуул» журналына жумушка киргендиги боюнча көрүнүш аткарышып, көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзүнө буруп турду. Сабак аягында окутуучунун чеберчилигине баа берүү менен ишине ийгиликтер каалап, сабакка кирген окутуучулар тарабынан анализ берилди.