23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнү

ЖАМКда “23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө” карата 1-курс ЗТ, ПС, Фармация, Дарылоо иши бөлүмдөрү арасында “Кана эмесе, жигиттер” аттуу таймаш болуп өттү. Таймашта командалар кол күрөш, аркан тартыш, турникке тартылуу, топ ыргытуу ж.б. спорттун түрлөрүн аткарышты.Жыйынтыгында 1-орун ЗТ бөлүмдүн “Бөрү”, 2-орун ПС бөлүмдүн “Бүркүт”, 3-орун Дарылоо иши бөлүмдүн “Ак шумкар” командалары ээлешти. Жетекчилик жана кесиптик бирлик комитети тарабынан жеңген командаларга грамоталар, акчалуу сыйлыктар тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *