23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү!

23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата шаардык мэрия тарабынан уюштурулган «Кыргыз тили — улуттун күзгүсү»аттуу иш чарага Жалал-Абад медициналык колледжинин жамааты жана студенттери активдүү катышышты. Көркөм окуу эстафетасына эң мыкты катышкандыгы үчүн Жалал-Абад медициналык колледжинин Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Шырдакова Ж.А.га шаардык мэрия тарабынан ыраазычылык каты тапшырылды. Кыргыз тили жана адабияты предметинин окутуучусу Сыргабаева Н.Т. КРнын Кыргыз тили коомунун “Ыйык тил” төш белгиси менен сыйланды. Иш чарада окуу жайлардын арасында көргөзмө уюштурулуп, кыргыз тили предметинин окутуучусу Нуруева А.Т., англис тили предметинин окутуучусу Эсенбай кызы Венера тайпалары менен көргөзмөгө активдүү катышышты. Көргөзмөдө улуттун нарктуулугун баалаган бардык буюм-теримдер комуздан баштап, көөкөр, баш кийимдер, туш кийиз, кыргыздын оймолору түшүрүлгөн чапандар, төшөктөр, бешик, шырдамал жана башка сувенирлер коюлуп, фуршет уюштурулду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *