23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү! 23-сентябрь Мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына карата «Мамлекеттик тил – улут аралык ынтымактын тили» деген темада салтанаттуу линейка болуп өттү. Мамлекеттик тил жөнүндө доклад окулуп, студенттер тарабынан көркөм окуулар, улуттук аспапта ырлар, улуттук бийлер аткарылды. Маданияттын мыкты кызматкери Нурбек Шамуратов чакырылып, жагымдуу ырлары менен салтанаттуу линейканы шаңга бөлөдү.