21-февраль — Бүткүл дүйнөлүк Эл аралык эне тил күнү

21-февраль — Бүткүл дүйнөлүк Эл аралык эне тил күнүнө карата улуттар аралык “Ырдайлы кыргыз ырларын” аттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын максаты – Дүйнөлүк Эне Тил күнүнө карата кыргыз тилинин баалуулугун даңазалоо, улуттук маданиятты өнүктүрүү жана жаштар арасында эне тилге болгон сүйүүнү арттыруу. Кыргыз ырларын ырдоо аркылуу эне тилдин кооздугун жана маанилүүлүгүн көрсөтүү.Маданий мурасты сактоо – Кыргыздын улуттук ырларын, обондорун жандандыруу жана кийинки муунга жеткирүү, ошондой эле ырлар аркылуу коомду бириктирип, улуттук рухту көтөрүү жана биримдикти бекемдөө. Бул иш-чаранын алкагында кыргыз элинин классикалык жана заманбап ырлары аткарылып, эне тилдин байлыгын даңазалаган чыгармаларга басым жасалды. Иш-чарага ЖАМКнын ар улуттуу студенттери катышып, өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *