17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнүнө карата “Студенттикке кабыл алуу – 2022” аземи өткөрүлдү. Аземге ЖАМК нын администрациясы, сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү, ата-энелердин атынан чакырылган маданияттын мыкты кызматкелери Доорон Кудайбердиев, Каныбек Казакбаевдер катышышты. Аземди директор ачып, келген сыйлуу коноктор тарабынан жакшы каалоо-тилектер айтылып 1-курс студенттерине символикалык билим ачкычы, сынак китепчеси, студенттик билет жана эмдөө шприци тапшырылды.