17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнүнө карата 1-курс студенттери үчүн “Студенттикке кабыл алуу – 2023” аземи өткөрүлдү. Аземге ЖАМКнын администрациясы, сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү, ата-энелердин атынан чакырылган маданияттын мыкты кызматкелери Доорон Кудайбердиев, Каныбек Казакбаевдер катышышты. Аземди директор ачып, сыйлуу коноктор КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн Аширова Г.А., Үй бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Маматалиева Г.А., Улуттук Кызыл Ай коомунан Анарбаев У.М., Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары Худайбердиева Г.Т., Маманов К.Т, Сыргабаева Н.Т. тарабынан жакшы каалоо-тилектер айтылып, 1-курс студенттерине символикалык билим ачкычы, сынак китепчеси, студенттик билет жана эмдөө шприци тапшырылды. Окуу иштери боюнча директордун орун басары студенттикке кабыл алуу буйругу менен тааныштырып, 8 адистикке бирден сынак китепчеси, студенттик билет тапшырылып, 1-курс студенттери “Татыктуу билим алууга, ак ниет, чынчыл болууга, тандап алган кесипти сүйүүгө, Ата Журттун мекенчил атуулдары болуу Аземде 1- 2-курс студенттери тарабынан даярдалган көңүл көтөргөн тамашалар, жагымдуу ырлар, бийлер аткарылды. Аземди Мамтил жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары жыйынтыктап, келген конокторго ыраазычылык билдирди. Аткарылган иш-чара боюнча УТРК Жалал-Абад телеканалынан атайын убакыт бөлүнүп, эфирден чагылдырылды.Кеченин 2-бөлүгү студкеңеши тарабынан уюштурулуп, Хан Сарай grand hall ресторанында улантылды.
га эл-жерди сүйүүгө” салтанаттуу түрдө АНТ беришти.