1- октябрь — Эл аралык карылар күнү

1-Октябрь — Эл аралык карылар күнунө карата Октябрьский айылындагы карылар үйүнө ЛД-1-24, ЛД-1-23, ЛД-1-22 тайпалары менен биргеликте кураторлор Акбарова Ю.К., Махмудова Л.Э., Сабырбекова М.С. тарабынан карылардын абалынан кабар алуу жана баарлашуу максатында “Карысы бардын ырысы бар” деген темада ачык тарбиялык саат өткөрүлүп, карыларга ыр, бийлерди тартуулашып, көңүлдөрүн алып келишти. Бул жайда жалпы 118 адам анын ичинде мүмкүнчүлүгу чектелген , турмуштук оор кырдаалга кабылган жардамга муктаж карылар, ордунан туралбаган оорулуулар бар. Алардын баарына жылуу кийимдер, күнүмдүк колдонулуучу каражаттар жана ар түрдүү белектер тапшырылды. Кеченин акырында жашоочулардын көңүлдөрү көтөрүлүп, студенттерге өздөрүнүн ыр, бийлерин тартуулашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *