«1-декабрь- бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүн» белгилөө боюнча 24.11.2023 күнү «Женщины ООН» эл аралык уюму менен биргеликте «Аялдар жана ВИЧ» темасында Жалал-Абад шаарындагы медициналык окуу жайлардын студенттери арасында Барпы атындагы кыргыз драма театрында конкурс болуп өттү. Жалал-Абад медициналык колледжинин «Сезим» командасы аялдарга карата болгон үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, ВИЧ илдетинин жугуу жолдору, АРВ терапия, ВИЧ илдетин жугузуп алган аялдарды колдоо, аларды даңазалоо жөнүндө театралдаштырылган сахналык көрүнүш аткарып, 1-байгелуу орунду ээледи.