1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү

2024-жылдын 29-ноябрында ЖАМКда «1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү» күнүнө карата бир айлыктын алкагында “Акушердик иш” адистиктеринин 3-курс студенттерине конференция өтүлдү. Конференцияга Жалал-Абад облустук ВИЧ/СПИД жана вирустук гепатиттерди көзөмөлдөө борборунун лаборатория бөлүмүнүн башчысы Ахунова Санабар Абдуллаевна, Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медициналык борборунун ден-соолукту чыңдоо бөлүмүнүн дарыгери Кудайбердиева Жамила жана Кызыл Ай Коомунун кызматкери Рахманкулова Шахноза өзүнүн волонтерлору менен биргеликте катышышты. Студенттер жана окутуучулар үчүн керектүү, кызыктуу маалыматтар айтылып, келген коноктор тарабынан докладдар окулуп, ВИЧ/СПИДдин алдын алуу жана болтурбоо тууралуу видеороликтер көрсөтүлдү. Аталган темада 1-курс студенттери үчүн дубал-гезит сынагы, 2-курстар үчүн видеороликтер сынагы уюштурулуп жеңүүчү тайпаларга кызыктыруучу белектер жана акчалай сыйлыктар берилди.Дене тарбия окутуучулары тарабынан ден-соолукту чындоо максатында спорттук оюндар болду.Жыйынтыгында “Менин ден соолугум – менин укугум” аттуу ураан менен иш-чара жыйынтыкталды.и ещё 18Статистика и объявленияПродвигать публикацию

Все реакции:1515

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *