Эл аралык майыптар күнү

З-декабрь Эл аралык майыптар күнүнө карата Жалал-Абад шаарындагы Балдардын Психоневрологиялык Социалдык Стационар мекемесинде СД-3-23 тайпасынын студенттери жана куратор Сартбаева А.А. тарабынан «Биз биригебиз» деген темада ачык тарбиялык саат уюштурулду. Иш-чара «Экскурсия-сабак» формасында өткөрүлүп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ырлар жана бийлер менен коштолгон концерттик программа тартууланды. Балдарга өзгөчө көңүл бөлүнүп, алардын көңүлдөрүн көтөрүү үчүн көптөгөн кызыктуу мүнөздөгү ырлар аткарылып, бийлер менен көңүл ачылды. Мындан сырткары, уюштуруучулар тарабынан 13650 сомдук азык-түлүк, колдо жабылган нан, оюнчуктар жана ар бир балага жекече белектер берилди. Бул иш-чара балдардын социалдык чөйрөгө интеграциялануусун жакшыртуу жана алардын жүрөгүнө жылуу мамиле көрсөтүү максатын көздөгөн маанилүү иш-чара болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *