Экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү

Бүгүн, ЖАМКда 2023-2027-жылдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү» программасын ишке ашыруу максатында Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков Пусурманкулович, Жалал-Абад облустук Дин комиссиясынын өкүлү Нурбек Кайсарбаев, УКМК кызматкери Болот Алакуновдор студенттерге «Экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү» боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Аталган программа диний агитация жана экстремизмге каршы күрөшүүнүн маанисин түшүндүрүү максатын көздөдү. Студенттерге динге болгон көз караштарын аныктоо үчүн суроолор берилди жана алар өздөрүн кызыктырган маселелер боюнча кеңири маалымат алышты. Иш-чаранын жүрүшүндө, катышуучуларга диний сабырдуулук, өлкөдө тынчтыкты сактоо жана радикалдык идеологияларга каршы турууга чакыруулар жасалды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *