Бүгүн, Жалал-Абад медициналык колледжинде 2023-2027-жылдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү программасын ишке ашыруу боюнча Билим берүү жана илим министрлигинен келген 08.01.2024 №3/1 сандуу катынын негизинде Жалал-Абад ОИИБнын экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери, милициянын полковниги Урмат Калдаров, Жалал-Абад облустук дин комиссиясынын өкүлү Нурбек Кайсарбаев, Жалал-Абад облустук казысынын орун басары Алибек Батыралиев тарабынан студенттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Студенттер кызыккан суроолоруна кеңири маалымат алышты.