Бүгүн, ЖАМКда шаардык мэриянын 2024-жылдын 19-мартында №102-б сандуу буйругун аткаруу максатында “Чернобыль апаатына — 38 жыл” аттуу лекция-конференция өттү. Конференцияда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ардагери камдыктагы полковник Аманбеков Джолдошбай Жаманбаевич, Ички аскерлердин ардагери камдыктагы полковник Исраилов Эльдияр Калыбекович сөз сүйлөп, студенттерге тарыхый окуяны баяндап беришти. Студенттер тарабынан кызыккан суроолор берилип, ыр, бийлер аткарылып, 7704 аскер бөлүктүн улук лейтенанты Мамытов Адилет пианинодо ойноп келген конокторго жагымдуу маанай тартууланды.