ЖАОКОнун директору башкы дарыгер- Кумар Пазылович. Жалал-Абад облусунун үй-бүлөлүк медицина борборунун директору-Каарманбек Кочкорбаевич. Облустук кесиптик биримдик комитетинин төрагасы-Азизбек Суванович. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси- Акматбек Самарбекович ж.б. жетекчилер Спартакиаданын ачылыш аземинде спортчу-медиктерге жакшы каалоо-тилектерин айтуу менен ийгиликтер каалашты. Мелдеш спорттун 9 түрү боюнча жүрүп, 12 команда катышты. Командада айрым жетекчилер өздөрү катышып кызыктуу оюндарды көрсөтүштү.Жалал-Абад медициналык колледжинин командасы теннис 1-орун, шашки 1-орун, волейбол кыздар 1-орун, шахмат 1-орун, кол күрөш 1-орун, волейбол балдар 2-орун, аркан тартыш, бильярд 2-орун, штанга көтөрүү (50кг) 2-орун мини футбол 3-орун алышты. ЖАМК командасы ар бир спорттун түрүн ийгиликтүү көрсөтүү менен жыйынтыгында жалпы эсептен 1-ОРУНГА чыгышты.