ЖАМКда Жалал-Абад шаарынын мэринин 2025-жылдын 31-январында «Советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 36 жылдыгын белгилөө жөнүндө» #35-б сандуу буйругун аткаруу максатында Ооган согушуна катышкан ардагерлер менен жолугушуу болуп өттү.Иш-чарада ардагерлер студенттерге согуштагы каармандыктары жана эрдиктери жөнүндө баяндап беришти. Студенттер болсо, кызыккан суроолорун беришип кызыктуу маек жүргүзүштү.Жолугушуунун аягында таланттуу студенттер өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашып, ырлар жана бийлер менен коноктордун көңүлүн көтөрүштү.