Олимпиада Кыргызстандагы орто медициналык адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында 2024-жыл 20-май күнү Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык маарекесине карата өткөрүлгөн «Медициналык айым иши» жана “Фармация” адистиктери боюнча Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын республикалык олимпиадасынын жыйынтыгы чыгарылды. Жогорку баллга ээ болуп, алдынкы орунга жетишкен студенттерди сыйлоо аземи Бишкек жана Ош шаарларында болуп өттү. Сыйлыктарды ОшМУнун Орто кесиптик билим берүү департаментинин директору, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Мамажакып уулу Чыңгыз жана ассоциациянын төрагасы Ө.Т.Станбаев тапшырды. Жеңүүчүлөргө ОшМУнун белектери жана ассоциация тарабынан диплом, акчалай сыйлык тапшырылды. Экинчи орун Жалал-Абад медициналык колледжинин Фармация адистигинин 3-курсунун студенти Эрмек кызы Жумагүл 2-даражадагы диплом жана 3000(үч миң)сом акчалай сыйлык менен сыйланды.