Наркотик, психотроптук заттарды колдонбоо

Бүгүн, ЖАМКда КРнын ИИМнин баңгизаттарды алдын алуу боюнча өкүлү, милициянын подполковниги Жапакова Г., милициянын подполковниги Тагаев С. жана Жалал-Абад ОИИБнын улук лейтенанты Артукбаев Д. 1-курс Фарм, ЗТ, ПС, Дарылоо иши тайпаларынын студенттерине «Наркотик, психотроптук заттарды колдонбоо» боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Иш — чаранын негизги максаты — жаштардын баңгизаттарга каршы туруусун күчөтүү жана алардын психотроптук заттардын кулу болбоонун алдын алуу. Баңгизат колдонуу жана сатуу кылмыштуулук, аны пайдалануу адамдын өмүрүнө коркунуч туудурарын баса белгилешти. Иш-чарада видеороликтер көрсөтүлүп, студенттерге суроолор берилип, туура жооп бергендерге белектер ыйгарылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *