Кыргыздан чыккан Барпы ырчы, кыйланы жеңген алп ырчы ЖАМКда айтылуу Барпы акындын 140 жылдыгына арналган «Кыргыздан чыккан Барпы ырчы, Кыйланы жеңген алп ырчы” аттуу музыкалуу адабий кече болуп өттү. Кече кыргыз тили жана адабияты предметинин окутуучусу Н. Т. Сыргабаева тарабынан уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө К. Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин окутуучусу, изденүүчү У. Абдыгулов акындын чыгармачылыгы боюнча илимий баяндама жасады. Андан соң өнөрпоздор, белгилүү барпычы Чырмаш ырчы, акын Абдыкайым Ашимбаев, комузчу Токтомурат Осмоналиев, аткаруучу Кумар Матиев Барпы Алыкуловдун ырларын аткарышып, студенттердин маанайын көтөрүштү. ЛечД1-23 тайпасынын студенттери тарабынан акындын чыгармалары аткарылды.