2024-жылдын 14-октябрында Барпы атындагы кыргыз драма театрында Жалал-Абад областтык Ички иштер башкармалыгы жана Жалал-Абад медициналык колледжинин кызматкерлери, студенттери менен биргеликте КРнын Президентинин 2024-жылдын 24-июлундагы №205 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын 35 жылдыгы, Билим берүүгө 100 жыл, Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата чоң маданий массалык иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага облустук өкүлчүлүктөн, шаардык мэриядан, Жалал-Абад ОИИБден өкүлдөр жана шаардык кеңештин депутаттары катышышты. Иш-чарада ЖАМКнын директору У.Т. Парханова, Жалал-Абад ОИИБнын башчысынын орун басары, милициянын полковниги А.К. Ибраев куттуктоо сөз сүйлөшүп, тарыхый күндөрдү азыркы жаштар арасында жайылтуунун таасири чоң экенин баса белгилешти. Иш-чарада программа боюнча улуттук даамдар даярдалып, коноктор үчүн этно фуршет уюштурулду. Сахнада алгач аластоо салты менен башталып, Манас айтуу, мекен, тил, милиция жөнүндө көркөм окуулар, патриоттук обондуу ырлар, улуттук бийлер, салттык көрүнүштөрдөн “Бешикке салуу” жөрөлгөсү жана азыркы муунга тарыхтан сабак көрсөтүү максатында “Азыркы мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталар” жөнүндө сахналаштырылган театралдык көрүнүштөр аткарылды. Аталган иш-чара өсүп келе жаткан жаштардын мекенге, билимге болгон сүйүүсүн жогорулатуу максатында болуп өттү. Жыйынтыгында эки ишкананын атынан кызматташтыкта демөөрчүлүк көрсөткөн Жалал-Абад шаардык мэриясына, Барпы атындагы кыргыз драма театрынын жетекчилигине, шаардык маданият сарайынынын жетекчилигине ыраазычылык билдирилди.Мекенибизде тынчтык болсун! Тилибиз өсүп-өнүксүн! Кыргыз милициясы кылымдарга жашасын!-деген ураан менен аяктады.