ЖАМКда спорт күнү болуп өттү. Жалпы жамаат активдүү катышып, волейбол, теннис, кол күрөш, аркан тартыш, шашки жана башка көптөгөн спорттун түрлөрүндө күч сынашты. Бул иш-чара ден соолукту чыңдоо максатында өткөрүлдү. Мелдештердин жыйынтыгында орун алган катышуучулар акчалай белектер менен сыйланышты.