Манас шаарында Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин спартакиадасынын салтанаттуу ачылышы өттү. Иш-чара медицина кызматкерлеринин биримдигин чыңдоого жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталган болду.
Ачылышта түштүк регион боюнча координатор Азизбек Субанович Жолдошев төрага Султан Абдылдаевич Абдыкадыров атынан куттуктоо сөз сүйлөп, медицина кызматкерлеринин укуктарын коргоонун маанисин белгиледи.
Ошондой эле областтык клиникалык оорукананын директору Кумар Пазылович Ботокараев сөз сүйлөп, иш-чаранын маанисине токтолду.
Биринчи күнү катышуучулар волейбол, футбол, шахмат, бильярд, аркан тартыш жана кол күрөш боюнча күч сынашты.
#Спартакиада #МедицинаКызматкерлери #СергекЖашоо #Биримдик #Кыргызстан











