Студенттер арасында «Кургак учук айыгат» аттуу иш-чаралар өттү

24-март — Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата бир айлыктын алкагында иш-чаралар планы түзүлүп, иш пландын негизинде окуу жайда студенттер үчүн конференциялар өткөрүлүп, 1-курстун бардык адистиктери арасында буклет сынагы, 2-курстун Дарылоо иши жана Медициналык айым иши адистиктердин арасында “Кургак учук айыгат” аттуу кароо — сынагы болуп өттү.

Сынакта кызыктуу программалар боюнча оюндар , тапшырмалар уюштурулуп, жеңүүчүлөр ЖАМКнын кесиптик бирлик комитети тарабынан акчалай сыйлыктар жана Улуттук Кызыл Ай коому тарабынан кызыктыруучу белектер берилди.

«Кургак учук илдети менен күрөшүү баарыбыздын милдетибиз!” , “Дени сак жаркын жашоо келечек үчүн!” , “Кургак учук айыгат” темалары боюнча 1-2-3-курстун бардык адистиктеринин студенттери үчүн тарбиялык сааттар өткөрүлдү.

«Кургак учук менен күрөшүү үчүн биригели» акциясын өткөрүү менен башкы окуу корпусунун имаратынын алдында Флешмоб менен жыйынтыкталды.

#КургакУчук #ДениСакЖашоо #Саламаттык #Студенттер #КелечекҮчүн #БиргеликтеКүрөшүү