23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү!

23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата шаардык мэрия тарабынан уюштурулган "Кыргыз тили - улуттун күзгүсү"аттуу иш чарага Жалал-Абад медициналык колледжинин жамааты жана студенттери активдүү катышышты. Көркөм окуу эстафетасына эң мыкты катышкандыгы үчүн Жалал-Абад медициналык колледжинин Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Шырдакова Ж.А.га шаардык мэрия тарабынан ыраазычылык каты тапшырылды. Кыргыз тили жана адабияты предметинин окутуучусу Сыргабаева Н.Т. КРнын Кыргыз тили коомунун “Ыйык тил” төш белгиси менен сыйланды. Иш чарада окуу жайлардын арасында көргөзмө уюштурулуп, кыргыз тили предметинин окутуучусу Нуруева А.Т., англис тили предметинин окутуучусу Эсенбай кызы Венера тайпалары менен көргөзмөгө активдүү катышышты. Көргөзмөдө улуттун нарктуулугун баалаган бардык буюм-теримдер комуздан баштап, көөкөр, баш кийимдер, туш кийиз, кыргыздын оймолору түшүрүлгөн чапандар, төшөктөр, бешик, шырдамал жана башка сувенирлер коюлуп, фуршет уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2024-жылдын 9-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын медициналык колледждеринде вакансия жарманкесин өткөрүү жөнүндө” №364-буйругунун, Жалал-Абад шаарынын мэрясынын 2024-жылдын 24-апрелиндеги “Бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси – 2024” №179-б сандуу буйругунун негизинде ЖАМКда 2023-2024-окуу жылында бюджеттик негизде билим алып жаткан төмөнкү адистиктер боюнча бүтүрүүчү студенттерди бош орундар менен камсыз кылуу максатында, 2024-жылдын 28-майында саат 10:00дө онлайн форматта бош жумуш орундар жарманкеси өткөрүлдү. Жалал-Абад облусундагы Саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери катышып, биздин окуу жайдан бүтүргөн бүтүрүүчүлөр жакшы иш алып барып жаткандыгын, биздин бүтүрүүчүлөргө суроо-талап көп экендигин, алардын иштөөсүнө жакшы шарттар түзүлгөндүгүн жана бош орундарга быйылкы бүтүрүүчулөрдү жумушка кабыл алуу боюнча тыгыз байланышта болорун билдиришти. “Акушердик иш”, “Медико-профилактикалык иш”, “Ортопедиялык стоматология”, “Профилактикалык стоматология”, “Фармация”, “Медициналык айым иши”, “Лабораториялык диагностика”.

Кыргызстандагы орто медициналык адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында 2024-жыл 20-май күнү Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык маарекесине карата өткөрүлгөн "Медициналык айым иши" жана “Фармация” адистиктери боюнча Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын республикалык олимпиадасынын жыйынтыгы чыгарылды. Жогорку баллга ээ болуп, алдынкы орунга жетишкен студенттерди сыйлоо аземи Бишкек жана Ош шаарларында болуп өттү. Сыйлыктарды ОшМУнун Орто кесиптик билим берүү департаментинин директору, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Мамажакып уулу Чыңгыз жана ассоциациянын төрагасы Ө.Т.Станбаев тапшырды. Жеңүүчүлөргө ОшМУнун белектери жана ассоциация тарабынан диплом, акчалай сыйлык тапшырылды. Экинчи орун Жалал-Абад медициналык колледжинин Фармация адистигинин 3-курсунун студенти Эрмек кызы Жумагүл 2-даражадагы диплом жана 3000(үч миң)сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

26-27-апрель күндөрү Жалал-Абад шаардык Саламаттык Сактоо тармагында эмгектенген медициналык кызматкерлердин арасында Сергек жашоо, ден соолукту чыңдоо максатта Спартакиада өткөрүлдү. Спартакиада Жалал-Абад облустук кесиптик бирлигинин каржылык колдоосу менен өттү. ЖАОКОнун директору башкы дарыгер- Кумар Пазылович. Жалал-Абад облусунун үй-бүлөлүк медицина борборунун директору-Каарманбек Кочкорбаевич. Облустук кесиптик биримдик комитетинин төрагасы-Азизбек Суванович. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси- Акматбек Самарбекович ж.б. жетекчилер Спартакиаданын ачылыш аземинде спортчу-медиктерге жакшы каалоо-тилектерин айтуу менен ийгиликтер каалашты. Мелдеш спорттун 9 түрү боюнча жүрүп, 12 команда катышты. Командада айрым жетекчилер өздөрү катышып кызыктуу оюндарды көрсөтүштү. Жалал-Абад медициналык колледжинин командасы теннис 1-орун, шашки 1-орун, волейбол кыздар 1-орун, шахмат 1-орун, кол күрөш 1-орун, волейбол балдар 2-орун, аркан тартыш, бильярд 2-орун, штанга көтөрүү (50кг) 2-орун мини футбол 3-орун алышты. ЖАМК командасы ар бир спорттун түрүн ийгиликтүү көрсөтүү менен жыйынтыгында жалпы эсептен 1-ОРУНГА чыгышты. 🏆🏆🏆

Жалал-Абад медициналык колледжинин окутуучулары менен милициянын сармердени өттү. Жалал-Абад шаарындагы “Барпы” театрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 30-августундагы “2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү” жөнүндөгү жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамын ишке ашыруу максатында, "21-февраль- Эл аралык Эне тил күнүнө" жана Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Жалал-Абад медициналык колледжинин окутуучу айымдарынын жана Жалал-Абад ОИИБнын эркек кызматкерлеринин ортосунда “Эне тил – достуктун жана биримдиктин тили” аттуу кыз-жигит сармерден сынагы өткөрүлдү. Салтанаттуу иш-чарага атайын LED экран коюлуп, кыргыздын улуттук даамдарынан этно фуршет уюштурулду. Ак калпак кийген жаш балдар тогуз коргоол, беш көкүл чачын өргөн кыздар топ таш ойноп, сахнанын көркүн ачып отурушту. Сармердендин катышуучулары ыр ырдап, бий бийлеп, макал-лакап, жаңылмач айтышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Маданий иш-чарага келген күйөрмандар командаларына дем-күч берип, кубаттап отурушту. Сармердендин соңунда калыстар тобунун чечими менен эки команда тең чыгып, достуктун жеңиши менен жыйынтыкталды. Сармерденге катышкан Жалал-Абад ОИИБдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Капарбек Исаков, Жалал-Абад облусунун үй-бүлөлүк медицина борборунун директору – Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Каарманбек Байдавлетов, Жалал-Абад медициналык колледжинин директору Упел Парханова сөз сүйлөп, мындай иш-чаралар жарандарга позитив тартуулай тургандыгын белгилешти. Ошондой эле сармердендин белектери тапшырылды. Келген күйөрмандар сармерден жогорку деңгээлде өткөндүгүн, өздөрүнө руханий азык алышканын билдиришип, уюштуруу тобуна ыраазычылык билдирип кайтышты.

17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнүнө карата 1-курс студенттери үчүн “Студенттикке кабыл алуу – 2023” аземи өткөрүлдү. Аземге ЖАМКнын администрациясы, сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү, ата-энелердин атынан чакырылган маданияттын мыкты кызматкелери Доорон Кудайбердиев, Каныбек Казакбаевдер катышышты. Аземди директор ачып, сыйлуу коноктор КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн Аширова Г.А., Үй бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Маматалиева Г.А., Улуттук Кызыл Ай коомунан Анарбаев У.М., Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары Худайбердиева Г.Т., Маманов К.Т, Сыргабаева Н.Т. тарабынан жакшы каалоо-тилектер айтылып, 1-курс студенттерине символикалык билим ачкычы, сынак китепчеси, студенттик билет жана эмдөө шприци тапшырылды. Окуу иштери боюнча директордун орун басары студенттикке кабыл алуу буйругу менен тааныштырып, 8 адистикке бирден сынак китепчеси, студенттик билет тапшырылып, 1-курс студенттери “Татыктуу билим алууга, ак ниет, чынчыл болууга, тандап алган кесипти сүйүүгө, Ата Журттун мекенчил атуулдары болууга эл-жерди сүйүүгө” салтанаттуу түрдө АНТ беришти. • Аземде 1- 2-курс студенттери тарабынан даярдалган көңүл көтөргөн тамашалар, жагымдуу ырлар, бийлер аткарылды.Аземди Мамтил жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары жыйынтыктап, келген конокторго ыраазычылык билдирди. Аткарылган иш-чара боюнча УТРК Жалал-Абад телеканалынан атайын убакыт бөлүнүп, эфирден чагылдырылды.Кеченин 2-бөлүгү студкеңеши тарабынан уюштурулуп, Хан Сарай grand hall ресторанында улантылды.