1-курс студенттери «Кана эмесе, жигиттер!» таймашында күч сынашты

ЖАМКда 1-курстун бөлүмдөрү арасында «Кана эмесе, жигиттер!» аттуу иш-чара чоң кубаныч жана жогорку маанайда өттү.
Катышуучулар өз күчтөрүн, тапкычтыгын жана командалык духун көрсөтө алышты. Ар бир команда кызыктуу тапшырмаларды аткарып, көрүүчүлөргө эсте каларлык маанай тартуулады.
Иш-чара студенттердин чыгармачылык, лидерлик жана спорттук жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды. Салтанаттын соңунда бардык катышуучулар кесиптик бирлик тарабынан сыйлыктар менен сыйланышты.