Шаардын аймагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалды жакшыртуу

Манас шаарынын мэриясынын “Шаардын аймагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалды жакшыртуу” буйругун аткаруу максатында колледжде үч айлык ишембилик иштери график боюнча жүргүзүлүүдө.

Ар жума сайын ишемби күндөрү аталган буйрукка ылайык ишембилик иштери өткөрүлүп, студенттер жана окутуучулар окуу жайдын аймагын тазалоо, жашылдандыруу жана санитардык абалды жакшыртуу иштерине активдүү катышууда.

Иш-чаралар ЖАМКнын бардык окуу корпустарынын аймагында жана Курорт жолунда (окуу жайга караштуу аймактарда) жүргүзүлүп жатат.

Иш-чаралар экологиялык маданиятты калыптандырууга жана таза айлана-чөйрөнү сактоого багытталган. #үч_айлык_ишембилик