Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесинин мааниси

Чыңгыз Айтматов — кыргыз элинин гана эмес, дүйнөлүк адабияттын улуу өкүлдөрүнүн бири. Анын 100 жылдык мааракеси 2028-жылы белгиленет. Бул дата кыргыз маданияты үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон тарыхый окуя болуп саналат .

Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесинин мааниси. Жазуучунун 100 жылдыгы — анын чыгармачылыгын кайрадан терең изилдөөгө, чыгармаларын жаш муунга кеңири таанытууга жана дүйнө жүзүнө кыргыз маданиятын даңазалоого чоң мүмкүнчүлүк берет. Бул маараке улуттук руханий баалуулуктарды бекемдөөгө да чоң салым кошот.100 жылдыктын алкагында 1-курс тайпаларынын арасында дубалгезит сынагы уюштурулду. Студенттер чыгармачылык менен иштеп, өздөрүнүн идеяларын жана билимдерин көрсөтүштү.

Сынактын соңунда төмөнкү тайпалар жеңүүчү болуп табылып, кесиптик бирлик комитети тарабынан сыйлыктар менен сыйланышты:

1-орун — Фарм-7-25

2-орун — ПС-6-25

3-орун — Фарм-6-25