Студенттер Афган согушунун ардагерлери менен жолугушту

Афганистандагы он жылга созулган согуш аймагынан советтик жоокерлердин чыгарылып кеткендигинин 37 жылдыгына карата фарм-6-25 жана фарм-7-25 тайпалары үчүн тарбиялык-эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чараны окутуучулар Алимкулова Замира Жаныбайовна жана Мурзакметов Таалайбек Турдумаматович уюштурушту.

Иш-чарага Афганистан согушунун ардагерлери:
— Шерматов Абдыжапар Орунбаевич
— Сабиров Камчыбек Аскарович
— Мамытов Марат Исабекович

атайын конок катары катышып, өздөрүнүн турмуштук жана согуштук эскерүүлөрү менен бөлүшүштү.

Студенттер коноктор менен жандуу баарлашып, кызыккан суроолоруна жооп алышты. Мындай жолугушуу жаш муундар үчүн чоң тарбиялык мааниге ээ болуп, мекенчилдик сезимди бекемдөөгө өбөлгө түздү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Афган согушунда курман болгон жоокерлер эскерилип, бир мүнөттүк эскерүү жарыяланды.

Бул иш-чара студенттерге тарыхты унутпай, тынчтыктын баалуулугун терең түшүнүүгө жардам берди.

#ЭскерүүКүнү #АфганСогушу #ПатриоттукТарбия #Студенттер #Тынчтык