Студенттердин жана кызматкерлердин кибералдамчылык коркунучтары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен 2026-жылдын 24-апрелинде келген №957 сандуу каттын негизинде «Студенттердин жана кызматкерлердин кибералдамчылык коркунучтары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу» максатында 1–2 — курс студенттерине жана кураторлоруна Жалал-Абад ОИИБдин КИБнын кызматкерлери — милициянын майору Абдыжапаров Самаган Абдыжапарович жана милициянын капитаны Авазбеков Чыңгыз Авазбекович тарабынан лекция өтүлдү.Лекция учурунда студенттерге кеңири маалымат берилип, иш-чара суроо-жооп менен жыйынтыкталды. Студенттер берилген маалыматтар боюнча өз суроолоруна жооп алышты.