СД-4-24 тайпасы «Жүрөктөн жүрөккө» кайрымдуулук сапарын уюштурду

СД-4-24 тайпасынын куратору Алимкулова Замира Жаныбайовнанын демилгеси менен «Жүрөктөн жүрөккө – боорукердикке кадам» аталышындагы ачык тарбиялык сабактын алкагында Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине кайрымдуулук сапары уюштурулду.

Бул иш-чаранын негизги максаты – мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жылуулук тартуулоо, аларга көңүл буруу, боорукерлик жана адамгерчилик сапаттарды студенттердин жүрөгүнө сиңирүү болду. Сапардын жүрүшүндө студенттер балдарга атайын даярдалган азык-түлүктөрдү, кийим-кечелерди, памперстерди, носкилерди, айналарды жана ар кандай белектерди тапшырышты.

Балдардын кубанычтуу жүздөрү, чын жүрөктөн чыккан жылмайуулары бул иш-чаранын эң чоң жыйынтыгы болду. Студенттер үчүн бул сапар чоң тарбиялык мааниге ээ болуп, аларды кайрымдуулукка, боорукерликке жана коомго пайдалуу инсан болууга шыктандырды.

Мындай иш-чаралар жаштардын жүрөгүндө мээримдүүлүктү ойготуп, коомдо биримдикти жана адамгерчиликти бекемдөөгө чоң салым кошот. «Жүрөктөн жүрөккө» деген ураан менен өткөрүлгөн бул жолугушуу ар бир катышуучунун эсинде узакка сакталары шексиз.