СД-3-23 тайпасы «Ак жол» борборунда балдар менен майрамдашты

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата СД-3-23 тайпасы куратору Сартбаева А.А. тарабынан ачык тарбиялык сааттын негизинде «Ак жол» балдар үчүн комплекстүү реабилитациялык борборуна барышты. Балдарга атайын тамак-аштарды, таттууларды жана белектерди беришти, ошондой эле концерттик программа менен майрамдык маанай тартуулашты.