Парентералдык дарылоо учурундагы кабылдоолор боюнча лекция

Жалал-Абад медициналык колледжинин №4 ПЦКнын окутуучусу Исакова Гульсия Исмаиловна 2025-жылдын 17-октябрында ЖАОКБдан «Жасалма бөйрөк бөлүмүнүн» бөлүм башчысы, врач-нефролог Бапиева Эленора Акматжановнаны конок лекцияга чакырды.

Лекция 1-курс СД 6-25, СД 7-25 тайпаларына өтүлдү.
Сабактын темасы:
«Возможные осложнения при парентеральном введении лекарственных средств».

Бул лекцияда дары каражаттарын парентералдык жол менен киргизүүдө пайда болушу мүмкүн болгон кабылдоолор каралат. Негизги көңүл жергиликтүү (инфильтрат, абсцесс), жалпы (аллергиялык реакциялар, анафилактикалык шок) жана техникалык каталарга бурулат.

Ошондой эле инъекция жүргүзүүдө асептика жана антисептика эрежелерин сактоонун мааниси белгиленет.

Лекциянын максаты – медициналык кызматкерлерде туура инъекция жасоо көндүмдөрүн калыптандыруу жана мүмкүн болгон кабылдоолордун алдын алуу.