Мобилдүүлүк алкагындагы пайдалуу тажрыйба алмашуу

2026-жылдын 23-апрелинде Жалал-Абад медициналык колледжинин Жалпы билим берүүчү жана клиникалык дисциплиналар бирикмелери мобилдүүлүк программасынын алкагында Майлуу-Суу медициналык колледжине барып, конок лекцияларды окуп келишти.

Таанышуу Майлуу-Суу медициналык колледжинин директору З.Б. Батырбекованын кабинетинен башталды. Жетекчилик жамааты бизди жылуу маанайда тосуп алышты.

Окуу жайдын кааналарын жана практикалык сабак өтүлүүчү кабинеттерин көрүп чыктык. Айрыкча «Акушердик жана гинекология боюнча окуу-тренажёрдук борборунда» болдук. Анда Германия өлкөсүнөн алынып келинген заманбап муляждар жана фантомдор көрсөтүлдү. Өзгөчө кош бойлуу аялдын жана ымыркайдын жүрөгүнүн согушун стетоскоп аркылуу угуп, ымыркайдын төрөлүү процесси үн коштоосу менен толук көрсөтүлгөнү чоң кызыгуу жаратты.

Ошондой эле окуу жайдын окуу-методикалык документтери менен тааныштык. Методикалык иштер боюнча инспектор Травкина А.Д. Казакстанда өтүүчү эл аралык конференцияга катышуу үчүн студент кызды даярдап алып кеткендиги маалым болду. Конкурска катышуучуларга ийгиликтерди каалайбыз!

Тажрыйба алмашуу максатында Майлуу-Суу медициналык колледжинин «Медайым иши», «Лабораториялык иш» жана «Дарылоо иши» бөлүмдөрүндө төмөнкү окутуучулар интерактивдүү усулдарды колдонуу менен ачык сабактарды өтүштү:

Машанова К.С. — «Инъекция жасоодо келип чыгуучу кабылдоолор жана аларды алдын алуу»

Сыдыкова А.Т. — Жусуп Баласагындын «Кут алчу билим» поэмасынын негизги идеясы, тил жана дарыгерлер тууралуу ойлору. Ошондой эле Алыкул Осмоновдун адам жана жашоо темасындагы ырлары: «Тирүүлүк», «Адамга», «Адамзат», «Отуз жаш», «Алданба».

Сартбаева А.А. — «Служебные части речи. Распорядок дня студента и личная гигиена».

Мурзахметов Т.М. — «Диалектиканын закондору жана категориялары».

Тарбиялык сааттардын алкагында 1-курстун студенттери үчүн шаардык музейде сабак-экскурсия өткөрүлөрүнө күбө болдук. Музейде шаардын тарыхы жана кызыктуу фактылар тууралуу кеңири маалымат алышат.

Жыйынтыгында Майлуу-Суу медициналык колледжинин директору З.Б. Батырбековага жана жалпы жамаатына иштерине ийгилик, бекем ден соолук жана кажыбас кайрат каалайбыз!

#МедициналыкКолледж #ТажрыйбаАлмашуу #БилимБерүү