Манас шаарында «Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад-2026» аттуу облусттук жаштар форуму өткөрүлдү. Иш-чара жаштардын активдүүлүгүн жогорулатууга жана демилгелерин колдоого багытталды.
Форумга мекеме-ишканалардын, жогорку жана орто окуу жайлардын өкүлдөрү катышып, жаштар өз пикирлери жана сунуштары менен бөлүшүштү.
Форумдун алкагында ЖАМКда футболдук курама команда түзүлүп, жогорку жана орто окуу жайлар арасында өткөн футболдук турнирде ЖАМК командасы 2-орунга ээ болду.
Иш-чара жаштардын коомдук активдүүлүгүн арттырууга өбөлгө түздү.
#МанасШаары #ЖаштарФоруму #КыялымдагыКыргызстан #ЖАМК #Футбол #ЖаштарАктивдүүлүгү











