Киберкоопсуздук — ар бир студенттин жоопкерчилиги

Жалал-Абад ОИИБдин КИБдин кызматкерлери менен биргеликте 1–2–3-курстун студенттерине «Киберкылмыштуулук» боюнча профилактикалык иш-чара болуп өттү.

Киберкылмыштуулук — бул компьютерлерди, интернетти же санарип технологияларды колдонуп жасалган кылмыштар.
Кыскача айтканда, бул кылмыш онлайн мейкиндикте жасалат.

Негизги түрлөрү:

• Хакерлик — башка бирөөнүн аккаунтуна же системасына уруксатсыз кирүү
• Интернет алдамчылык — картадан акча уурдоо, жалган сайттар
• Вирустарды таратуу — компьютерге зыян келтирүү
• Жеке маалыматтарды уурдоо — паспорт, пароль, банк маалыматтары
• Фишинг — жалган каттар же билдирүүлөр аркылуу алдоо
• Кибербуллинг — интернет аркылуу коркутуу, басмырлоо