Кесиптик бирликтер федерациясынын өкүлдөрү студенттер менен жолугушуу өткөрдү

Жалал-Абад медициналык колледжинин студенттери Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын жаштар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы тарабынан жаштарга көрсөтүлүп жаткан колдоо, эмгек укуктары жана эл аралык билим берүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди.

Иш-чара интерактивдүү форматта өтүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, толук кандуу жоопторду алышты.

Жолугушуунун соңунда активдүү катышкан студенттерге белектер тапшырылды.

#ЖалалАбад #Студенттер #ЖаштарСаясаты #КесиптикБирлик #Кыргызстан #БилимБерүү #ЖаштарКеңеши