«ЗТ 1-23» тайпасы «Аял — жазсың» майрамдык иш-чарасын уюштурду

8-Март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата «Аял — жазсың» аттуу майрамдык таңкы маанай медициналык колледждин окутуучуларын куттуктоо максатында уюштурулду. Иш-чара «ЗТ 1-23» (тиш техниктери) тобунун студенттери тарабынан куратор Махмудова Л.Э. жетекчилиги алдында өткөрүлдү.

Иш-чара эртең менен саат 8:00дө башталып, студенттер колледждин коридорун кооздоп, «жандуу коридор» түзүп, окутуучуларды жылуу тосуп алышты. Музыканын коштоосунда окутуучуларга куттуктоо сөздөрү айтылып, белектер тапшырылды.

Бул иш-чара жагымдуу маанайда өтүп, окутуучуларга кубаныч тартуулап, майрамдык маанайды жаратты.

#АялЖазсың #ЖАМК