Жалал-Абад медициналык колледжинде кыргыз тили жана адабияты предметинен Сыдыкова Алтынай Токтосуновна тарабынан ДИ 6-25 группасына «Жусуп Баласагындын “Кут алчу билим” поэмасынын идеясы, тил жана дарыгерлер жөнүндө ойлор» темасында ачык сабак өткөрүлдү.
Сабак эки бөлүктүү күндөлүк усулу менен өтүп, текст менен иштөөнүн интерактивдүү ыкмалары колдонулду. Студенттер поэманы талдап, цитаталарды окуп, алардын маанисине комментарий беришти.
Чыгармадагы тил жана дарыгерлер жөнүндө ойлор талданып, студенттер өз пикирин айтып, негизги идеяны ачып беришти.
#КыргызТили #АчыкСабак #ЖусупБаласагын







