Жаштар коому агайларды 23-февраль майрамы менен куттуктады

23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата колледжибиздин агайлары үчүн Жаштар коому тарабынан шаңдуу майрамдык кече өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө окутуучуларыбызга жылуу куттуктоолор айтылып, студенттер тарабынан даярдалган атайын бийлер тартууланды.
Кесиптик бирлик комитети тарабынан майрамдык белектер уюштурулуп, бул кече биздин агайларга болгон терең урмат-сыйыбыздын жана ыраазычылыгыбыздын чыныгы белгиси болду!