Жаштар арасында баңгизаттарды жана психотроптук заттарды колдонууну алдын алуу боюнча иш-чара өттү

КР ИИМдин БМЖКККнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен «Жаштар арасында баңгизаттарды, психотроптук заттарды колдонуунун алдын алуу» боюнча иш-чара өтүлдү.

Жаштар – коомдун келечеги. Ошондуктан алардын ден соолугун сактоо жана зыяндуу адаттардан коргоо өтө маанилүү. Баңгизаттарды жана психотроптук заттарды колдонуу ден соолукка, психикага жана коомдук жашоого олуттуу зыян келтирет.