ЖАМКда 1-курс бөлүмдөр арасында «Кана эмесе, кыздар» таймашы өткөрүлдү

ЖАМКда 1-курс бөлүмдөр арасында «Кана эмесе, кыздар» таймашы өткөрүлдү. Максаты – студент кыздардын активдүүлүгүн арттыруу жана ынтымакты чыңдоо.

Таймашта курама командалар арасында кол күрөш, аркан тартышуу, чуркоо, улуттук ыр-бийлер жана башка мелдештин түрлөрү аткарылып, катышуучулар шамдагайлыгын жана биргелешип иштөө жөндөмүн көрсөтүштү.

Жыйынтыгында:

I орун – Мед айым иши курама командасы

II орун – Дарылоо иши курама командасы

III орун – Фармация курама командасы

IV орун – Акушердик иш курама командасы

Салтанаттын соңунда катышуучулар жетекчилик жана кесиптик бирлик комитети тарабынан сыйлыктар менен сыйланышты.

#ЖАМК #КанаЭмесеКыздар #Студенттер #Спорт #Ынтымак