2026-жылдын 26-март күнү саат 10:00дө Барпы атындагы кыргыз драма театрында Жалал-Абад медициналык колледжинин студенттери үчүн кеңири масштабдагы иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага КР ИИМдин БМЖКККнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Өскөнбаев Азизбек Кеңешбекович, милициянын подполковниги Жапакова Гульмира Жузубалыевна, милициянын подполковниги Маданов Эрмек Алакулович, милициянын подполковниги Тагаев Султан Тазабекович, Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын өкүлү милициянын подполковниги Калдаров Урмат Мухтарович, тергөө кызматынын башчысы милициянын подполковниги Джумагулов Ныяз Ыдырысовичтер менен биргеликте катышып, жаштар арасында баңги заттардын, психотроптук заттардын зыяндуулугу, экстремизмге, терроризмге жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча маалымат беришти.
Студенттер тарабынан коомдогу терс көрүнүштөрдү чагылдырган сахналык номерлер көрсөтүлүп, иш-чара ыр-бийлер менен коштолду.
Иш-чара “Биз кылмыштуулукка жана баңги затка каршыбыз!” урааны алдында Барпы театрынан Эркиндик аянтына чейин жөө жүрүш менен жыйынтыкталды.
#ЖаштаргаКолдоо #БаңгизаткаЖок #КылмыштуулуккаКаршы #СергекЖашоо #ЖалалАбад #БизТандооЖасайбыз

