КУРГАК УЧУК ООРУСУ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ

Жалал-Абад медициналык колледжинин окутуучулары менен милициянын сармердени өттү. Жалал-Абад шаарындагы “Барпы” театрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 30-августундагы “2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү” жөнүндөгү жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамын ишке ашыруу максатында, "21-февраль- Эл аралык Эне тил күнүнө" жана Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Жалал-Абад медициналык колледжинин окутуучу айымдарынын жана Жалал-Абад ОИИБнын эркек кызматкерлеринин ортосунда “Эне тил – достуктун жана биримдиктин тили” аттуу кыз-жигит сармерден сынагы өткөрүлдү. Салтанаттуу иш-чарага атайын LED экран коюлуп, кыргыздын улуттук даамдарынан этно фуршет уюштурулду. Ак калпак кийген жаш балдар тогуз коргоол, беш көкүл чачын өргөн кыздар топ таш ойноп, сахнанын көркүн ачып отурушту. Сармердендин катышуучулары ыр ырдап, бий бийлеп, макал-лакап, жаңылмач айтышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Маданий иш-чарага келген күйөрмандар командаларына дем-күч берип, кубаттап отурушту. Сармердендин соңунда калыстар тобунун чечими менен эки команда тең чыгып, достуктун жеңиши менен жыйынтыкталды. Сармерденге катышкан Жалал-Абад ОИИБдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Капарбек Исаков, Жалал-Абад облусунун үй-бүлөлүк медицина борборунун директору – Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Каарманбек Байдавлетов, Жалал-Абад медициналык колледжинин директору Упел Парханова сөз сүйлөп, мындай иш-чаралар жарандарга позитив тартуулай тургандыгын белгилешти. Ошондой эле сармердендин белектери тапшырылды. Келген күйөрмандар сармерден жогорку деңгээлде өткөндүгүн, өздөрүнө руханий азык алышканын билдиришип, уюштуруу тобуна ыраазычылык билдирип кайтышты.

17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнүнө карата 1-курс студенттери үчүн “Студенттикке кабыл алуу – 2023” аземи өткөрүлдү. Аземге ЖАМКнын администрациясы, сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү, ата-энелердин атынан чакырылган маданияттын мыкты кызматкелери Доорон Кудайбердиев, Каныбек Казакбаевдер катышышты. Аземди директор ачып, сыйлуу коноктор КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн Аширова Г.А., Үй бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Маматалиева Г.А., Улуттук Кызыл Ай коомунан Анарбаев У.М., Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары Худайбердиева Г.Т., Маманов К.Т, Сыргабаева Н.Т. тарабынан жакшы каалоо-тилектер айтылып, 1-курс студенттерине символикалык билим ачкычы, сынак китепчеси, студенттик билет жана эмдөө шприци тапшырылды. Окуу иштери боюнча директордун орун басары студенттикке кабыл алуу буйругу менен тааныштырып, 8 адистикке бирден сынак китепчеси, студенттик билет тапшырылып, 1-курс студенттери “Татыктуу билим алууга, ак ниет, чынчыл болууга, тандап алган кесипти сүйүүгө, Ата Журттун мекенчил атуулдары болууга эл-жерди сүйүүгө” салтанаттуу түрдө АНТ беришти. • Аземде 1- 2-курс студенттери тарабынан даярдалган көңүл көтөргөн тамашалар, жагымдуу ырлар, бийлер аткарылды.Аземди Мамтил жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары жыйынтыктап, келген конокторго ыраазычылык билдирди. Аткарылган иш-чара боюнча УТРК Жалал-Абад телеканалынан атайын убакыт бөлүнүп, эфирден чагылдырылды.Кеченин 2-бөлүгү студкеңеши тарабынан уюштурулуп, Хан Сарай grand hall ресторанында улантылды.